Марал Радиосу

Эшатов: Мунай базарындагы жагдай тынчсыздандырат

Мунай базарындагы соңку жагдай бизди тынчсыздандырып турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын нефти иштетүүчү заводдору бааларды жогорулатуу менен берип жатышат.

«Орто эсеп менен айтканда, бензин группасына 50 долларга, ал эми дизель отунуна 40 долларга чейин кымбаттоо болду. Ошондо биздин божомол боюнча октябрдын ортолоруна чейин бензинге болгон баалар 1,5 сом, дизель отунуна болгон баалар 1 сомдун тегерегинде кымбаттайт»,- дейт Эшатов.