Марал Радиосу

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту (видеосу)

Балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло байге утту.

Коло үчүн беттеште ал украиналык Анастасия Шустова менен күрөшүп, аны беттештин биринчи бөлүгүндө эле 12:1 эсебинде жеңип алды.

Айпери Медет кызы килем үстүнө 5-октябрда чыккан. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи кармашында болгариялык Мария Оряшкованы 10:0, андан кийин чейрек финалда орусиялык Марина Суровцеваны да 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. Бирок жарым финалда ал эстониялык Эпп Мяэге жеңилип калып, коло медаль үчүн күрөшө турган болгон.

Эскерте кетсек Айпери Медет кызынын коло байгеси — кыргызстандык балбандардын Ослодогу Дүйнө чемпионатында уткан төртүнчү медалы. Буга чейин балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш жана Алибек Осмонов коло байге (65 кг) тагынган.

Exit mobile version