Марал Радиосу

Дүйнө биринчилиги: Мээрим Жуманазарова алтын үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинин финалына чыкты.

Жарым финалдык беттеште ал орусиялык Ханум Велиеваны жеңип алды.

Финалдык беттеш эртең, 7-октябрда өтөт. Жуманазарова алтын үчүн япониялык балбан менен күрөшөт.

Мээрим Жуманазарова килем үстүнө бүгүн, 6-октябрда чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи беттешинде кореялык Минжи Ханы, андан кийин чейрек финалда канадалык Оливиа Грэйс Ди Баккону жеңип, жарым финалга чыккан.