Марал Радиосу

Айтмат Азамжан уулу Ош шаарынын мэринин жардамчысы болду

Айтмат Азамжан уулу Ош шаарынын мэринин жардамчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Айтмат Азамжанович буга чейин шаардык “Ош шамы” гезитинде башкы редактордун орун басары, Ош облустук администрациясында жана Президенттик аппаратта жооптуу кызматтарда иштеген.