Марал Радиосу

Балбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында атаандашына утулуп, күмүш байге тагынды.

Финалдык беттеште ал польшалык Магомедмурад Гаджиевге 2:1 эсебинде жеңилип калды.

Эскерте кетсек Акматалиев килем үстүнө 4-октябрда чыгып, күрөштү квалификациялык айлампадан баштаган. Биринчи беттешинде ал шри-ланкалык балбан Анил Каруна Пели Гераданы 10:0, 1/8 финалда армениялык Арман Андреасянды 11:2 эсебинде жеңген.

Андан кийин чейрек финалда ирандык Эрфан Мохаммад Элахини уткан. Ал эми жарым финалда ал орусиялык Евгений Жербаев менен беттешип, аны 9:5 эсебинде жеңип алган.