Марал Радиосу

Тай-Мурас Ташиев мандатын тапшырды

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев мандатын тапшырды. Бул тууралуу журналист Санрабия Кубанычбекова билдирди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешке «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен депутат болуп барган.

Эске салсак, 11-апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп өткөн. Анда 448 жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланган.