Марал Радиосу

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын алтыны үчүн күрөшөт

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинин финалына чыкты.

Жарым финалда ал украиналык Илона Прокопевнюк менен күрөшүп, аны 5:2 эсебинде жеңип алды.

Эми Тыныбекова алтын үчүн америкалык Кайла Коллин Кийоко Миракл менен күрөшөт. Финалдык беттештер эртең, 5-октябрда өтүп, саат 22:00дө башталат.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда япониялык Нонока Озакини, андан кийин чейрек финалда Вероника Иванованы жеңип, жарым финалга өткөн.

Айсулуу Тыныбекова буга чейин 2019-жылы Нур-Султанда өткөн биринчиликте дүйнө чемпиону болгон. Азырынча Кыргызстандан балбандар арасында Тыныбекова гана дүйнө чемпиону боло алган.