Марал Радиосу

Балбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Жарым финалда ал орусиялык Евгений Жербаев менен беттешип, аны 9:5 эсебинде утуп алды.

Алтын үчүн күрөш эртең, 5-октябрда өтөт.

Эскерте кетсек Акматалиев күрөштү бүгүн, 4-октябрда квалификациялык айлампадан баштаган. Биринчи беттешинде ал шри-ланкалык балбан Анил Каруна Пели Гераданы 10:0, 1/8 финалда армениялык Арман Андреасянды 11:2 эсебинде жеңген.

Андан кийин чейрек финалда ирандык Эрфан Мохаммад Элахини уткан.