Марал Радиосу

Дүйнө биринчилиги: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында кабарланды.

Ал чейрек финалда беларусиялык спортчу Вераника Иванова менен күрөштү. Эми финалга чыгуу үчүн украиналык спортчу Илона Прокопевнюк менен күрөшөт.

Жарым финалдык беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20:45те башталат.