Марал Радиосу

Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга чыкты

Кыргызстандык балбан 62 кг салмакта күрөшкөн Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде алгачкы атаандашын жеңип алды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында кабарланды.

Айсулуу Тыныбекова мелдештин 1/8 финалында япониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде утуп алды. Ал муну менен мелдештин чейрек финалына чыкты.

Чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова беларусиялык спортчу Вераника Иванова менен күрөшөт.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан барган.