Марал Радиосу

Дүйнө чемпионаты: Алибек Осмонов жарым финалда күрөшөт

Бүгүн, 3-октябрда Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде эркин күрөш боюнча балбан Алибек Осмонов (65 кг) жарым финалга чыкты

Осмонов кармашты квалификациялык айлампадан баштап, биринчи беттешинде франциялык балбан Марван Ахмед Йеззаны мөөнөтүнөн мурда жеңген.

1/8 финалда ал бразилиялык балбан менен күч сынашып, аны биринчи бөлүктө 12:2 эсебинде утуп алды.

Ал эми чейрек финалда ал украиналык Василий Шуптар менен күрөшүп, аны 5;3 эсебинде жеңди.

Жарым финалда Осмонов ирандык балбан Амирмохаммад Бабак Йазданичерати менен таймашат.

Жарым финалдык кармаштар саат 20:45те башталат. Беттештерди www.uww.org сайтынан түз эфирде көрүүгө болот.