Марал Радиосу

«Акыркы көч» тасмасы Орусиядагы кинофестивалда «Мыкты музыка» сыйлыгын алды

Орусиянын Анапа шаарында өткөн «Киношок» кинофестивалында «Акыркы көч» тасмасы «Мыкты музыка» сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу кинофестивалдын уюштуруучулары билдирди.

Белгилей кетсек, тасмага композитор болуп музыкасын Баласагын Мусаев жазып берген.

«Акыркы көч» тасмасын режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан.

Кинофестиваль 25-сентябрдан 2-октябрга чейин болуп өткөн.

 

Баласагын Мусаев