Марал Радиосу

Калк үчүн жылуу суу жана жылуулук үчүн тарифтер келерки жылы кымбаттайт

Калк үчүн жылуу суу жана жылуулук үчүн тарифтер быйыл кымбаттабайт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы күз-кыш мезгилинде жылуу суу жана жылуулук үчүн баа мурдагыдай эле калат.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, келерки күз-кыш мезгилинен тарта жылуулук үчүн тариф 10% жана келерки жылдан баштап ысык суунуку 14%га кымбаттайт.

Азыркы тапта жылуулук үчүн баа Гкал/1134,76 сом жана ысык суу үчүн Гкал/981,76 сомду түзөт.