Марал Радиосу

Таласта 41 миңден ашык киши коронавируска каршы эмделди

Талас облусунда 41 миңден ашык киши коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Азыркы тапта облуста 92,2 миң кишини коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүү пландалган. Алардын ичинен 45%ы же 41 миңден ашык киши вакцинанын биринчи дозасын алган. Ошондой эле 30,4%ы вакцинанын эки дозасы менен тең эмделген.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 28-мартта башталган. Учурда өлкөдө Sinopharm, «Спутник V» жана AstraZeneca вакциналары менен эмдөө жүргүзүлүүдө.