Марал Радиосу

Энергетика министрлиги: Ооруканаларда жарык өчүрүлбөйт

Биринчи категорияга кирген объектилердин электр энергиясы өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, медициналык мекемелердин жандандыруу, хирургия бөлүмү сыяктуу биринчи категорияга кирген мекемелерге электр жарыгы үзгүлтүксүз берилет жана аларды жарык менен туруктуу камсыз кылуу өзгөчө көзөмөлгө алынган.

Медициналык мекемелердин трансформаторуна чейин электр энергиясын жеткирүү Энергетика жана өнөр жай министрлигинин милдети. Ал эми ал жайлардагы трансформатордун иштеши жана кошумча генератор менен камсыз кылуу мекеменин администрациясынын жоопкерчилигинде.