Ноокенде эки жаш жигит адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
24-сентябрда саат 10:30 чамасында Ноокен райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнө Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы жол четиндеги эгин талаада, Ноокен районунун тургуну 1973-жылы туулган Ж.М. аттуу жарандын сөөгү жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.
Бул факты ошол эле күнү Ноокен райондук ички иштер бөлүмү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Жазык кодексинин 130-беренесинде (Киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейнки өндүрүш иши башталган.
Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургундары 2002-жылы туулган А.Ж. жана 2005-жылы туулган К.А.аттуу жарандар кармалышкан. Шектүүлөр тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя кандай болгонун жеринде көрсөтүп беришкен.
Окуяга шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, А.Ж. 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми К.А. жашы жете өспүрүм болгондуктан Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.