Марал Радиосу

Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Алтайга барды

30-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Алтай Республикасына иш сапары менен барды.

Делегацияны Алтай Эл-Курултайынын (Мамлекеттик жыйыны) төрагасы Артур Кохоев тосуп алды.

Сапардын алкагында республиканын жетекчилиги жана аймактагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушат.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов, Искендер Матраимовдор бар.

Талант Мамытов Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Новосибирск, Томск, Кемеров облустарында жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту.