Марал Радиосу

Ош шаарында «Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу конференция өтүүдө

Ош шаарында «Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Конференция кечээ, 29-сентябрда башталып эртең, 1-октябрда жыйынтыкталат. Ага катышуу үчүн Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиядан дин аалымдары жана эксперттер келген.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар исламдын жашоодогу орду, улуттар аралык ынтымак жана коңшулук мамилелер, ханафий мазхабынын өзгөчөлүктөрү, экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, ислам экстремизмге жана терроризмге каршы, ислам дининде мазхаб кармануунун зарылдыгы темаларында докладдарын окушууда.

Белгилей кетсек, аталган конференция Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Ош шаардык казыят, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Ош мамлекеттик университети жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан өткөрүлүүдө.