Марал Радиосу

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози 1 жылга соттолду

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози 2012-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүн мыйзамсыз каржылаган деп табылып 1 жылга соттолду.

Ага жаза мөөнөтүн абакта эмес, үйүндө өтөөгө уруксат берилет.

Белгилей кетсек, бул иште Саркози менен бирге 13 киши шайлоо штабынын чыгымдарын жашырууга айыпталган.

Айыптоочулардын айтымында, Саркозиге шайлоо өнөктүгүнө жумшалып жаткан акча чектен ашып жатканы тууралуу эки жолу эскертүү берилгени менен ал кошумча чыгым кылууга уруксат берген.

Шайлоо өнөктүгү үчүн 22 млн евро сарптоого уруксат берилсе, ал 42 миллион чыгымдаган.

Николя Саркози 2007-2012-жылдары Франциянын президенти болгон. 2012-жылы президенттик шайлоого катышып, бирок анда шайлоону Франсуа Олланд жеңип чыккан.