Марал Радиосу

Боом капчыгайында 4-8-октябрда таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

4-8-октябрда таш кулатуу иштери жүргүзүлгөндүктөн «Бишкек – Нарын – Торугарт» жолунунун Боом капчыгайында жол маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Буга байланыштуу 131-чакырымында жол эртең мененки саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

Жол тазаланып жаткан учурда унаалар жолдун бир тарабынан өткөрүлүп турат. Ал эми унаалар топтолуп калып, саны 30-40ка жеткенде таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлөт.