Марал Радиосу

YouTube вакциналар тууралуу жалган маалымат айтылган видеолорду өчүрө баштайт

YouTube дүйнөдө жактырылып, каттоого алынган вакциналар тууралуу жалган маалымат айтылган видеолорду өчүрө баштайт. Бул тууралуу YouTubeˈдун вице-президенти Мэтт Халприн билдирди.

Жаңы талаптарга ылайык бир гана COVID-19га каршы эмес, бардык вакциналар жөнүндө туура эмес же жалган маалымат таратылган видеолор өчүрүлөт.

«Ал (эрежелер — ред.) вакциналар кооптуу же кандайдыр бир өнөкөт ооруга алып келет деген видеолордун баарына тиешелүү болот», — дейт Мэтт Халприн.

Бир жыл мурун YouTube коронавируска каршы вакциналар тууралуу жалган маалыматтар камтылган видеолорго тыюу салган. Андан бери аталган платформа 130 миңден ашык видеону өчүргөн.