Марал Радиосу

Быйыл айыл чарба продукциясы былтыркыдан 2,5 эсеге көп экспорттолду

Быйыл өлкөдө айыл чарба продукциясы былтыркыга салыштырмалуу көп экспорттолду.  Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 8 айдын ичинде Кыргызстан коңшу өлкөлөргө 412 миң тонна айыл чарба продукциясын экспорттогон. Былтыркы жылы ушул мөөнөттө 165 миң тонна экспорттолгон.

«Биз былтыркыга салыштырмалуу 250 миң тоннага ашык экспорттогонго жетиштик. Бул биздин айыл чарба продукциясынын башка базарларда − Казакстан, Өзбекстан, Орусияда, чоң суроо-талапка ээ болуп атканын билгизет.  Ошол эле мезгилде биз былтыркы жылы 292 миң тонна айыл чарба продукциясын импорттогон болсок, быйыл 45 миң тоннага аз импорттодук. Эң негизгиси буудай азыктары, калгандары аз-аздан эле. Импорттун көлөмүнүн азайганын ички продукциябыз көбөйүп, сапаты жакшырганы деп эсептесек болот», — дейт ал.

Exit mobile version