Улуттук банкты 7 жыл башкарган Толкунбек Абдыгуловдун отставкасы коомчулукта түрдүү пикирлерди пайда кылды. Экономист жана финансисттер өлкөнүн акча-кредиттик саясатында боло турган тобокелчиликтерди эскертип жатышат.
Серепчи Нурбек Муктар да ой бөлүштү.
-Толкунбек Абдыгуловдун Улуттук банктын төрагалыгынан кетип жатканында эмне мандем бар деп ойлойсуз? Ал өз арызы менен кетип жатканын айтты, бирок басым болгону айтылып жатпайбы.
-Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкага кетиши абдан өкүнүчтүү окуя болду. Себеби Абдыгулов азыр иштеп жаткан эң кесипкөй менеджерлердин бири болчу. Тилекке каршы, аны да ордунан алып коюшту.
Улуттук банк – жөнөкөй орган эмес. Ал өлкөдөгү кредиттик саясатты жүргүзгөн, акча, баа саясатын жөнгө салган мекеме. Базарда сатылып жаткан кумшекерден тарта мал-жандыктардын баасына чейин көзөмөлдөп турат.
Буга кошумча, банк системасын, импорт-экспорт операцияларын көзөмөлдөп, доллардын таңкыстыгы болуп жатса аны сатыкка чыгарып, валюта курсун туруктуу кармап турган негизги орган. Өлкө экономикасындагы өтө сезимтал, күчтүү, эффективдүү тармакты жети жылдан бери жетектеп келген адамдын отставкага кетиши өкүнүчтүү болду.
Менин оюмча, акыркы алты ай ичинде Толкунбек Абдыгуловго аябай басым жасалды. Дүйнөлүк практика боюнча Улуттук банк көз карандысыз мекеме болушу керек. Бирок азыркы бийлик анын көз карандысыз болушун каалабай жатат деп ойлойм. Анткени Улуттук банктын резервдери бар, ошол акчаны каалагандай колдонуу максаты болуп турат.
Мисалы, Толкунбек Абдыгулов акыркы убакта “Кумтөрдүн” алтынын сатып алганга каршы болгону, бийликтин “Мегакомду” сатып алгыла деп кыйнап жатканы жана башка ар кандай жагдайлар Улуттук банктын, айрыкча Толкунбек Абдыгуловдун өзүнө карата басым болгону көрүндү. Ал өзү да мындан тажап кетти окшойт.
Өзгөчө акыркы бир жуманын ичинде пайда болгон “Финтех” мыйзамы Абдыгуловдун отставкасына чекит койду окшойт. Бул мыйзамдын эң чоң тобокелчиликтери – арам акчаны адалдоо схемалары мыйзамдуу болуп калат. Ага кошумча, Улуттук банктын резервиндеги акчаны жеке компаниялар колдонуп, Улуттук банкта өзүнчө эсеп ачып, ушул сыяктуу аракеттерге барышат. Башкача айтканда, өлкөнүн негизги банкын жөнөкөй эле бир банктай колдонууга жол ачкан мыйзам келе жатат.
Толкунбек Абдыгулов ушул мыйзамга каршы чыгып, позициясын бекем карманып келген.
-Бийлик Улуттук банктын көз карандысыз болушуна кызыктар эмеспи?
-Улуттук банк жөнөкөй банк эмес. Анда дайыма резерв турушу керек, ал экономикадагы тобокелчиликтерди жоюп кетүү үчүн керек. Абдыгулов экономикадагы рисктерди прогноздой алган жетекчи, ошого жараша Улуттук банктын чөнтөгүн толтуруп келген.
Жаңы келген бийлик андай прогноздор менен жашабайт, ага акча азыр керек болуп турат. Бюджетке Улуттук банктын “чөнтөгүндөгү” акчаны сала калып, кайсы бир көйгөйдү дароо чечүү үчүн керек болуп жатат.
Ал эми Улуттук банктын позициясы боюнча, экономикада боло турган күтүүсүз тобокелчиликтер, импорт-экспорт операциялары, тышкы карыз маселелери алдыңкы приоритет болуп эсептелет. Ушул жерде бийлик менен Улуттук банктын ортосунда конфликт жаралды. Азыркы бийлик УБнын көз карандысыз болушуна кызыктар эмес. Өз адамын коюу максаты болду деп ойлойм.
—Азыр Улуттук банктын төрагасы алмаша турган болду, жаңы талапкер тууралуу күмөндүү жагдайлар да айтылып жатат. Азыркы тапта өлкөнүн акча-кредиттик саясатында кандай тобокелчиликтер пайда болушу мүмкүн? (тышкы карыз, валюта курсу, инфляция, насыянын ставкалары ж.б багытта).
-Улуттук банктын жаңы төрагасы бийликке баш ийип берип, эмне десе ошону жасай баштаса, бир топ тобокелчиликтер пайда болот.
“Кумтөр” жана Улуттук банк
Өзүңөр билгендей, Улуттук банктын резердеринин бир бөлүгү Европа мамлекеттеринде кармалат, булар – валюта, облигациялар, алтындар башка мамлекеттерде сакталат.
Азыр Кыргызстан менен Центерранын ортосунда “Кумтөргө” байланыштуу сот процесстери бар. Эгер биз эл аралык сотто Центеррага уттуруп жиберсек, ал биздин Европада турган резердерибизге санкция салып, тартып алууга укуктуу болуп калат. Эбептен-себеп жаратып, “Улуттук банк бийликтики, бийлик “Кумтөрдү” басып алды, Улуттук банк Кумтөрдүн алтынын алып, каржылайт”, — деген таризде шылтоо айта алат.
Импорт-экспорттогу тобокелчиликтер
Улуттук банк валюталарды туура эмес иштерге колдонуп, же мамлекеттик мекемелерди сатып алып, акчаны ошол жакка коротуп салса, импорт-экспорт иштери үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Себеби доллар таңкыстыгы пайда болуп, импортерлор сырттан товар алып келе албай калат. Мунун аркасы доллардык кризиске алып келип, сомдун куну өсөт. Аягы гипер инфляция менен бүтүшү мүмкүн. Сомдун курсу 100-120га чыгып, кризис тереңдеп кетсе, 200-300гө чейин чыгып кетиши ыктымал. Бул бат эле болуп кете турган жагдайлардын бири. Анткени финансылык система – өтө кылдат мамиле кыла турган тармак.
Лобби көбөйөт
Банк секторунда лобби аябай күчтүү экенин билебиз. Мисалы, лоббиге баш ийип, берип койсо, биз банктардан алып жаткан кредиттердин пайызы көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Мындан эл жабыркайт.
Тышкы карызды төлөөдөгү тобокелчилик
Бизде азыр резервтерибиз аз калды. Эртең Кытай карызды төлөгүлө деп калса, кантип төлөйбүз? Бизде прогнозубуз жок, карызды төлөбөй калуу коркунучуна түшөбүз. Эгер төлөй албасак, Кытай же жер сурайт, же кен сурайт.
Кооптуу “Финтех” мыйзамы же арам акчаны адалдоо
Негизи кайсы бир жаран же мекеме өлкө ичинде акча жүгүртүү операциясын жүргүзөм же бир фирма ачам десе, лицензия алып, Улуттук банктын көзөмөлү астында жүргүзөт.
Азыр сунушталып жаткан “Финтех” мыйзамы ишке кирсе, Улуттук банктын көзөмөлүнүн кереги жок болуп калат, ар кандай жаран фирма ачып, акча операцияларын жасай берсе болот. Бул — арам акчаны адалдоо тобокелчилигине алып келет.
Эсиңиздерде болсо, мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тушунда 96 млрд доллар Кыргызстандын банк сферасына кирип, чыккан. Биз өлкөгө ошондой акча кирип жатканын билчүбүз, себеби операциялар Улуттук банктын көзөмөлүндө болчу.
“Финтех” мыйзамы кабыл алынса, өлкөгө кандай акча кирип жатканын биле албай калабыз. Арам акчаны адалдаган жерде криминалдар баш көтөрөт, коррупциялык схема күчөйт, экономикадагы, саясаттагы турбуленттүү кырдаал пайда болот.
Аягы экономикалык, социалдык, финансылык чоң кыйроого алып келе турган кадамдарга жол ачылышы мүмкүн. Ошондуктан Улуттук банкты саясатка аралаштырбай, көз карандысыз саясат жүргүзүү керектигин айтып келе жатабыз. Толкунбек Абдыгулов бул тармакты туруктуу көзөмөлдөп келе жаткан.