Марал Радиосу

Талас облусундагы өкүлчүлүктө коррупциялык схема аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүндө коррупциялык схеманы аныктады.

Облустук администрациянын айрым кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өкүлчүлүктүн имаратынын кеңселерин ижарага бергенден түшкөн акчаларды өөнөп жүргөнү аныкталган.

Ошондой эле өкүлчүлүктүн карамагындагы облус башчысы жашай турган кызмат үйүн кайтарууга жана коммуналдык кызматына мамлекеттик бюджеттен акча төлөнүп турганы белгилүү болгон.

Мунун айынан мамлекетке 15 млн сом зыян келтирилген.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.