«Ош-аэропорту» көзөмөл өткөрмө бекетинде УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК «Ош-аэропорту» көзөмөл өткөрмө бекетинде иштеген чек ара кызматкерлер чет элдик жарандардан опузалап акча алып жүргөнүн аныктаган.
Учурда аталган факты боюнча ачылган кылмыш иштин алкагында 20 чек ара кызматкерине карата териштирүү жүргүзүлүүдө.