Марал Радиосу

Жалал-Абад жана Ош облусунда жер титиреди

Жалал-Абад жана Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 13:46да Жалал-Абадда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Михайловка, Сары-Булак, Кара-Чолок айылдарында 4,5 балл, Ак-Тоок, Орказган, Сай, Каду, Карамарт айылдарында 4 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 балл, Ноокен районунун Масы айылында 3 балл, Ош облусунун Өзгөн шаарында жана Мырзаке айылында 3,5 балл, Ош шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Exit mobile version