Марал Радиосу

Ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган мораторий алынды

Ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган мораторий алынып салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Алмаз Шаршенбеков билдирди.

Анын айтымында, ишкерлерди текшерүүгө тыюу салуу министрлер кабинетинин 16-сентябрдагы токтому менен жокко чыгарылган.

«Мындай чечим күмөндүү, жарандардын ууланышына алып келген азык-түлүктөрдүн сатылышына жол бербөө үчүн кабыл алынган», — деди ал.

Ал белгилегендей, коомдук тамактануучу жайларда азык-түлүктөрдү туура эмес сактаган, ал жерде иштеген кызматкерлердин жеке гигиенаны сактабаган учурлар арбын.

Эскерте кетсек, 2019-жылдан тарта Кыргызстанда ишкерлерди мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү жүргүзүүгө 2 жылга тыюу салынган. Былтыр декабрь айында ал мораторий 2022-жылга чейин узартылган.

Exit mobile version