Марал Радиосу

Парламенттик шайлоо менен катар 28-ноябрда 4 айылдык кеңешке шайлоо өтөт

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнүн белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоону 28-ноябрга дайындоого токтом кылынат.

Борбордук шайлоо комиссиясына аталган айылдык кеңештерге шайлоонү өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

Мындан сырткары министрлер кабинетине, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына тийиштүү тапшырмалар берилди.