Марал Радиосу

Артур Медетбеков: Тажик чек арачыларына өздөрүнө жараша жооп берүү керек

Кыргызстандын бийлиги, же чек арачылары тажикстандык чек арачыларга өздөрүнүн мамилесине жараша адекваттуу жооп бериши керек. Мындай пикирин УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында,эгемендүүлүктү алгандан бери, өзгөчө акыркы 5 жылда тажик коңшулар менен өтө чуулгандуу окуялар болуп келе жатат. Мунун бирден-бир себеби демаркация, делимитация маселелеринин чечиле электиги.

«Негизинен коңшулаш эки элдин ортосундагы күнүмдүк талаш-тартыштан мындай окуялар чыгып эле келген. Бирок акыркы жаңжалда Кыргызстан канча жаранынан ажырады. Тажиктердин чек арачылары, укук коргоо органдары бул иште басым көрсөтүп, биздин жарандарды алып кетип суракка алып, жаңжал чыгаруучу иштерди баштаганы өтө кыйын маселелерди жаратып жатат. Бүгүнкү күндө бул маселелерди чечиш үчүн биздин бийлик өкүлдөрү, же чек арачылар адекваттуу мамиле, же болбосо, алардын мамилесине жараша мамиле жасашы керек. Мындай кысым көрсөтүү, башаламандык барган сайын күчөй берсе, бул дагы бир чоң конфликттерди жаратат», — деген ойдо Медетбеков.