Марал Радиосу

COVID-19: Өзбекстанда 12 жашка толгон өспүрүмдөрдү эмдөөгө уруксат берилди

Өзбекстанда 12 жашка толгон (18 жашка чейинки) өспүрүмдөрдү коронавируска каршы Pfizer вакцинасы менен эмдөөгө уруксат берилди. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрлик белгилегендей, чет жерде 12-15- жаштагы балдар арасында жүргүзүлгөн сыноо вакцина өспүрүмдөр үчүн коопсуз экенин көрсөткөн.

12 жашка толгон өспүрүмдөрдү эмдөөдөн өткөрүү үчүн алардын ата-энесинин (же асыраган адамдын) уруксатын алуу керек болот. Эмделердин алдында алар медициналык кароодон өтүшү зарыл.

Белгилей кетсек, жакында эле Өзбекстанга Pfizer вакцинасынын 1,2 млн дозасы келген.