Алмамбет Шыкмаматов инвестициялар министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Кечээ, 27-сентябрда президент Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алган. Жолугушууда Шыкмаматов 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катыша тургандыктан кызматтан кетүү ниетин айткан. Жапаров анын отставкасын кабыл алууга даяр экенин билдирген.