Марал Радиосу

Кыргыз-кытай чек ара бекеттери 7 күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттери 7 күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Чек ара бекеттери коңшу мамлекеттин демилгеси менен 1-октябрдагы «Кытайдын улуттук күнү» (Кытай Эл Республикасы түзүлгөн күн) майрамынын белгиленишине байланыштуу жабык болот.

8-октябрдан тарта аталган эки бекет кайра иштей баштайт.

Exit mobile version