Марал Радиосу

Өзбекстанда «Кыргыз кино күндөрү» өтөт

Ташкенттеги Жибек Жолунун бермети эл аралык кинофестивалынын алкагында Өзбекстанда «Кыргыз кино күндөрү» өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.

Көрүүчүлөрдүн назарына 7 кыргызстандык тасма тартууланат: Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала», Эмил Атагелдиевдин «Көл», Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры», Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө күлүк», Садык Шер-Нияздын «Курманжан Датка», Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун «Акыркы көч» жана «Атаанын керээзи» тасмалары.

Кинофестивалдын уюштуруучулары тарабынан Өзбекстанга 14 кишиден турган кыргызстандык делегация чакырылган.

Аталган кинофестиваль 28-сентябрдан 3-октябрга чейин болуп өтөт.

Exit mobile version