Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Х пленардык жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Түркстан шаарына барышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Талант Мамытов Казакстандын Парламент мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту.
Делегациянын курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Жыргалбек Турускулов, Бейшеналы Нурдинов, Сайдулла Нышанов, Рыскелди Момбеков, Салайдин Айдаров, Шайлообек Атазовдор бар.
Кошумчалай кетсек, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Х пленардык жыйыны бүгүн, 28-сентябрда өтөт.