Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн БШКга арыз калтырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Икрамов Жалал-Абад облусунун Сузак округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн.
Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн 40 талапкерден арыз түшкөн.
Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана анын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамы боюнча өтөт. Ага ылайык парламентте 90 депутат болот. Алардын ичинен 54 депутат партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.