Марал Радиосу

Мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип эки жаран кармалды

Талас облусунда мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Кыргызстандын жараны болгон 39 жаштагы Э.А. жана 37 жаштагы Э.Ж. Казакстандын жарандарын чек арадан мыйзамсыз өткөрүп жатканда кармалган.

Бул факты боюнча тиешелүү органдар тарабынан териштирүү жүргүзүлүүдө.