Марал Радиосу

Оштун Кара-Кулжа районуна аким дайындалды

Дамир Кулубаев Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.

Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Дамир Кулубаев 2018-жылы Чүй облусунун Панфилов районунун акими кызматынан бошотулган.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Кара-Кулжа районуна Нуралы Курмантаев башчы болуп дайындалган.