Марал Радиосу

Айбек Жунушалиев Британиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар шаардын экологиялык көйгөйлөрүн жана аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Элчи 31-октябрдан 12-ноябрга чейин Шотландиянын Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптар конференциясынын 26-сессиясы өтө турганын маалымдады.

Иш-чаранын урматына веложүрүш уюштурууну жана коомчулуктун көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө жана климаттын өзгөрүшүнө буруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бишкек мэри элчиге кызматташтыкка даяр экендигине ыраазычылыгын билдирди.

Exit mobile version