Марал Радиосу

COVID-19: Эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 27-сентябрга карата дагы 59 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде, Бишкек шаарында – 33, Чүй облусунда – 9,Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан вирус табылган.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 178 миң 317 адамга коронавирус жукту.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2602ни түздү.

Ал эми бир суткада 64 адам илдеттен сакайып, жалпы айыккандар 172 миң 912 киши болду.

Ооруканаларда 491 бейтап, үй шартында 834 адам дарыланууда.