Марал Радиосу

Президент Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда телефондук сүйлөшүү учурунда, эң жеңил салмак категориясындагы чемпион Валентина Шевченкону UFC 266 аралаш таймаш боюнча беттештеги кезектеги жеңиши менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Шевченконун эң жогорку чеберчилигин, духунун күчтүүлүгүн жана мүнөзүнүн бекемдигин жогору баалады.

“Жалпы кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан ийгиликтүү жеңишиңиз менен куттуктообузду кабыл алыңыз. Биз баарыбыз сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Сиз абройлуу эл аралык турнирлерде Кыргызстандын намысын коргоп жатасыз. Алдыда дагы чоң ийгиликтер жана жаңы жеңиштер күтүп турганына ишенем” , — деди президент.