Эртең, 26-сентябрда Кыргызстанда жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +25 … +30;
Талас облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +24 … +29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10 … +15, күндүз +29 … +34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +22 … +27;
Нарын облусунда түнкүсүн +1 … +6, күндүз +22 … +27 градус жылуу болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +7 … +9, күндүз +28 … +30 градус ысык болот.