Марал Радиосу

Төө-Ашуунун жолу 165 млн сомго оңдолот

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Бишкек-Ош» жолунун Төө-Ашуудагы тилкесиндеги (түштүк тарабы) оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Учурда жолго асфальт-бетон төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Аба ырайы жакшы болсо, курулуш иштери октябрь айынын башында аяктайт. Ага республикалык бюджеттен 165 миллион сом каралган.

Марипов курулуш иштери өз убагында жана сапаттуу аткарылышы керектигин айтып, жол коопсуздугун камсыздоо зарыл экенин белгилеген.

Exit mobile version