Түркиянын борбору Анкара шаарында Кыргызстан атындагы сейил бак ачылып, Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Аталган маселе 23-сентябрда Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Анкаранын Чанкая муниципалитетинин башчысы Алпер Ташделендин жолугушуусунда макулдашылган.
Жолугушууда Анкаранын Чанкая районунда жашап, иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маселелер да талкууланган.