Марал Радиосу

АКШ Бурананын реставрациясы үчүн 200 миң доллар берет

АКШ Чүй облусундагы караханийлер дооруна таандык Бурана мунарасынын реставрациясы үчүн 200 миң доллардан ашык каражат берет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Каражат АКШ өкмөтүнүн Маданий мурастарды сактоо боюнча элчилердин фонду тарабынан бөлүнүүдө.

Эскерте кетсек, Бурана X-XI кылымда караханийлер кагандыгынын тушунда тургузулган. Ал 1927 жана 1970-жылдары реставрациядан өткөн.

Бурана 2014-жылы ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

Exit mobile version