Марал Радиосу

26-сентябрда эртең менен Бишкектеги айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Жекшемби күнү, 26-сентябрда ак илбирсти сактоого арналган эл аралык жарым марафон өткөрүлө тургандыгына байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат.

Жолдор саат 07:00дөн 10:00гө чейин жабылат:

— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин;

— Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;

— Иманалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;

— Масалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;

— Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Жарыштын катышуучулар өтүп кеткенден кийин жолдор кезеги менен ачылат:

07:20 — Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан Абдрахманов көчөсүнө (Совет) чейин;

07:28 —  Абдрахманов көчөсү (Совет) Горький көчөсүнө чейин;

07:43 —  Байтик Баатыр (Совет) көчөсү Ахунбаев көчөсүнө чейин;

07:55 — Байтик Баатыр (Совет) көчөсү Масалиев көчөсүнө чейин;

08:11 — Масалиев (түндүк тарабы) көчөсү Совет көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;

08:25 — Байтик Баатыр көчөсү Иманалиев көчөсүнө чейин;

08:28 — Иманалиев  көчөсү Айтматов проспектисине чейин;

08:52 — Айтматов проспектиси Масалиев көчөсүнө чейин  (түштүк тарабы);

09:08 —  Масалиев көчөсүнүн түштүк тарабы Айтматов проспектисинен «Ала-Тоо» ресторанына чейин;

09:22 — Айтматов проспектиси Ахунбаев көчөсүнө чейин;

09:35 — Айтматов проспектиси Горький көчөсүнө чейин;

09:46 — Айтматов проспектиси Москва көчөсүнө чейин;

09:51 — Айтматов проспектиси Чүй проспектисине чейин;

09:55 — Чүй проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

10:00 — Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнө чейин;

11:00 — Орозбеков көчөсү Чүй проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин;

Абдымомунов көчөсү  Орозбеков көчөсүнөн  Раззаков көчөсүнө чейин;

Раззаков көчөсү  Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Exit mobile version