Марал Радиосу

Лейлек: Тажик милициясы эки кыргызстандык окуучуну кармап кеткени кабарланды

Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери кыргызстандык эки окуучуну чек араны бузганы үчүн кармап кеткени кабарланды.

Кечээ, 23-сентябрда түнкү саат 23:00дө Тажикстандын укук коргоо кызматкерлери Лейлектин Жаштык айылындагы Петрогаз (иштебеген) май куюучу жайынын тушунан — Согди облусунун Хистеварс тилкесинен Кыргызстандын 11-классынын эки окуучусун чек араны бузган деп кармап кеткен.

Кармалгандар Жаштык айылынын балдары экени айтылууда.

Алдын ала маалымат боюнча алар Тажикстандан Кыргызстанга алып өтүү үчүн жүзүм жүктөп жаткан жеринен кармалган.