Кыргызстан 27 жылда Азия өнүктүрүү банкынан 1,3 млрд насыя, 811 млн грант алган. Бул тууралуу аталган банк билдирди.
Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкына 1994-жылы кошулган. Андан бери Кыргызстандын банктан алган акчасы 2 млрд доллардан ашкан. Ошондой эле өлкөгө 69 млн долларлык техникалык жардам көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында 80 млн доллар берүүнү чечкен.