Марал Радиосу

Шайлоону чагылдырууга 244 ЖМК катталды

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоону чагылдырууга 244 массалык маалымат каражатын аккредитациядан өткөрдү.

Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Каттоодон өткөн ЖМКлардан ичинен 92си интернет басылма болуп эсептелет.

Быйыл Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланып келет. Анын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу шайлоо аймагынан.