Марал Радиосу

Чүйдөгү эки ишкана 50 миң доллар утуп алды

«Экселерейт просперити» компаниясы Кыргызстандагы энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү компаниялар үчүн «Жергиликтүү өзгөрүштөр» аттуу биринчи инвестициялык долбоорун аяктады. Ал Ага Хан фондунун жана ЮСАИДдин каржылык колдоосу менен ишке ашырылган. Жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган эки ишкана техникалык колдоо жана 50 миң долларга чейин жардам алат.

Бишкекте экоурналарды орноткон Begreen компаниясы инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болду. Компаниянын башкы директору Бактыяр Замирбеков утуп алган инвестицияны эмнеге жумшай турганын айтып берди.

 «Биздин ишкана 2019-жылы негизделген. Башында жөнөкөй активист катары экоурна орнотуу менен баштаганбыз. Бүгүнкү күндө алардын саны 530га жетти. Бишкек шаарынын бардык жерине орното албасак да, керектүү жерлерге жайгаштырдык. Мындан сырткары Ысык-Көл облусуна да мындай урналарды коё баштадык. Accelerate Prosperity программасына катышуу үчүн бир жарым ай даярдандык. Өзүбүздүн чогулткан пластикти башка жакка сатпастан, өзүбүз майдалайлы деген планда атайын керектелүүчү техникалык каражаттарды алып келдик. Ал эми каржылык колдоо 2 ай ичинде берилери күтүлүп жатат. Каржыланып калса, техникалык жабдууларды толук жакшыртабыз. Бир жабдууну Бишкек шаарына, экинчисин Балыкчы шаарына орнотобуз».

Ишкерликти өнүктүрүүгө жана айыл жергесиндеги калктын экономикалык кубатын жогорулатууга багытталган «Экселерейт просперити Азия» долбоору өлкө аймактарында ишке ашып жатат. Жакында эле Чүй менен Бишкектеги чакан жана иши жанданып келаткан ишканалар бизнес-акселераторго катышкан.

Аталган уюмдун өнүктүрүү боюнча менеджери Бибинур Алибаеванын айтымында, конкурстук негизде өлкөдөгү энергияны үнөмдөөчү технологиялар жана экологиялык таза өндүрүш менен байланышкан 64 ишкананын ичинен 18 гана ишкана тандалып алынган.

Ошондой эле ал бул долбоордун көздөгөн максаты тууралуу түшүндүрдү.

«Долбоор — пилоттук энергияны жана ресурстарды үнөмдөө тармагындагы секторалдык акселерация болуп эсептелинет. Буга чейин бул тармак боюнча бир топ иш-чаралар өткөрүлүп келген. Ал секторду бизнес катары кароо үчүн биринчи акселерация өткөрүп жатабыз. Буга чейин тандалып алынган ишканаларга программалык окутуу 8 жумага чейин уланып, маркетинг, рынокту талдоо, инвестор менен алака түзүү ж.б. темалар боюнча сабактар өтүлгөн. Ал эми иш-чаранын натыйжасында жеңүүчүлөрдү талдайбыз. Жеңген компаниялар 50 миң долларга чейин инвестиция алууга мүмкүнчүлүгү бар. Биринчи пилоттук акселерация болгондуктан, экинчи баскычын да өткөрөбүз. Анда энергияны жана ресурстарды үнөмдөө жаатындагы инкубация өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Биз энергияны үнөмдөөчү бизнести колдоо менен Кыргызстанга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуураак болууга жардам беребиз. Биз жашыл компаниялардын бизнесин чыңдоого салым кошо алганыбызга кубанычтабыз».

Ушул эле сынакта жеңүүчү деп табылган экинчи компания «Жашыл горизонт» ишканасынын директору Мелис Токтомушов алардын компаниясы Кыргызстанга жаңы энергияны үнөмдөөчү жабдууларды алып келерин айтты.

«Ушул эки айдын ичинде өзүбүздүн бизнести кантип өнүктүрүү, мамлекеттеги жашыл технологияны жогорулатуу тууралуу көптөгөн сабактарга катыштык. Биздин компания да бул тармакта көп жылдан бери иш алып барат. Биздин компания Кыргызстанга жаңы альтернативалуу энергетика же болбосо энергияны үнөмдөөчү жабдыктарды экспорттойт. Атаандаштарыбыз да күчтүү болду. Жеңишке жеткенибиз үчүн толкунданып турабыз. Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүдө ушундай колдоолор көрсөтүлүп жатканына кубанычтабыз».

Инвестициялык сынакка катышкан компаниялар кандай негизде тандалганын калыстар тобунун мүчөсү ЮНИСОН групп коомдук уюмунун инженер адиси Салават Сооронбеков түшүндүрүп берди.

«Accelerate Prosperity уюштурган иш-чарада катышуучуларды тандоодо энергиялык үнөмдүүлүк жана экологияга канчалык деңгээлде зыянсыз экени каралды. Атайын тийиштүү критерийдин негизинде жаратылышка зыяны аз өндүрүштөрдү иштетүү үчүн кылып жаткан иш-аракеттерин бааладык. Тандалып алынган компаниялардын сунуштаган технологиялары мыкты болгону үчүн жеңишке жетишти. Экинчи жагынан, энергияны үнөмдөө. Курулушта энергияны үнөмдөп, сактаган жабдуулар бар экен. Ушул тармактарда иштеп жаткан компанияларга дайыма колдоо көрсөтүү керек».

Бизнес-акселераторго 1 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, жылына 350 миң сомдон кем эмес киреше тапкан жана экиден көп адам эмгектенген ишканалар катышкан.