Марал Радиосу

Кыргызстан Өзбекстандан 15 жейрен алып келет

Октябрь айында Кыргызстан Өзбекстандан 15 жейрен алып келет. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун лаборатория башчысы Аскар Давлетбаков билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстан Өзбекстан жейрендер боюнча менен келишимге кол койгон.

«Кыргызстанда жейрендер жоголуп кеткен. Алар тууралуу маалымат 2007-жылы бар болгон. Мен өзүм үч жейренди көргөм. Андан кийин биз аларды табууга аракет кылганбыз. Бирок таба албагандыктан алар жоголду деген бүтүмгө келгенбиз», — деди ал.

Ал белгилегендей, эми жейрендендин тукумун калыбына келтирүү үчүн аларды башка мамлекеттерден алып келүү керек.